# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-мартындагы № 111 (Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына (COVID-19) жол бербөө боюнча чектөөчү чараларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында аргасыз жүргөн чет мамлекеттердин жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын чыгып кетүү маселелерин чечүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-мартындагы № 111 (Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына (COVID-19) жол бербөө боюнча чектөөчү чараларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында аргасыз жүргөн чет мамлекеттердин жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын чыгып кетүү маселелерин чечүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 111-р
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17556/edition/1039000/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-мартындагы № 111 (Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына (COVID-19) жол бербөө боюнча чектөөчү чараларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында аргасыз жүргөн чет мамлекеттердин жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын чыгып кетүү маселелерин чечүү жөнүндө) буйругу (28.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218102

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 28-марты № 111 Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына (COVID-19) жол бербөө боюнча чектөөчү чараларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында аргасыз жүргөн чет мамлекеттердин жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын чыгып кетүү маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Жарлыгына, "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын аймагында визалык жана визасыз тартипте жүргөн чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу визаларын тариздебестен жана турган жери боюнча каттоосуз 2020-жылдын 1-майына чейин чыгып кете ала тургандыгы белгиленсин.".

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
