# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 100-б (Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңештин курамын актуалдаштыруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 100-б (Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңештин курамын актуалдаштыруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 100-р
- Кабыл алынган күнү: 24.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218096>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17550/edition/1038486/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218096.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 100-б (Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңештин курамын актуалдаштыруу жөнүндө) буйругу (24.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218096

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 24-марты № 100-б Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңештин курамын актуалдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-январындагы № 3-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Асрандиев Эркин Шамшудинович Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары болуп киргизилсин;

- Координациялык кеңештин курамынан Аскаров З.М., Турдалиев Э.К. чыгарылсын.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
