Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (7-апрель - Апрель элдик революциясынын 10 жылдык майрамына карата, демократиялык коомдун өнүгүүсүнө салым кошкон адамдарды сыйлоо жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 17-марты № 82-б 7-апрель - Апрель элдик революциясынын 10 жылдык майрамына карата, демократиялык коомдун өнүгүүсүнө салым кошкон адамдарды сыйлоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "7-апрель - Апрель элдик революциясына 10 жыл" юбилейлик медалы уюштурулсун.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- "7-апрель - Апрель элдик революциясына 10 жыл" юбилейлик медалы жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- "7-апрель - Апрель элдик революциясына 10 жыл" юбилейлик медалынын сүрөттөлүшү, 2-тиркемеге ылайык;
- "7-апрель - Апрель элдик революциясына 10 жыл" юбилейлик медалынын күбөлүгүнүн формасы, 3-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "7-апрель - Апрель элдик революциясына 10 жыл" юбилейлик медалын жасап чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
1-тиркеме "7-апрель - Апрель элдик революциясына 10 жыл" юбилейлик медалы жөнүндө жобо
1. Ушул "7-апрель - Апрель элдик революциясына 10 жыл" юбилейлик медалы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "7-апрель - Апрель элдик революциясына 10 жыл" юбилейлик медалы менен сыйлоонун тартибии жапа талаптарын аныктайт.
2. "7-апрель - Апрель элдик революциясына 10 жыл" юбилейлик медалы (мындан ары - юбилейлик медаль) менен сыйлоого "Апрель элдик революциясыиын баатыры" ("Герой апрельской народной революции") атайын төш белгиси менен сыйланган адамдар, 2010-жылдын 6-7-апрелинде жана 13-14-майында Бишкек шаарында жана региондордо элге каршы болгон режимди кулатууга активдүү катышкандар, ошондой эле демократиялык коомду курууга олуттуу салым кошкон жактар сунушталышы мүмкүн.
3. Юбилейлик медаль менен сыйлоо тууралуу сунуш мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жактар тарабынан демилгеленет.
4. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн демилгечи юбилейлик медаль менен сыйлоо жөнүндө маселени кароо үчүн аталган Жобонун 5-пунктуида көрсөтүлгөн документтердин тизмегин тиркөө менен юбилейлик медаль менен сыйлоо жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына киргизет.
5. Юбилейлик медаль менен сыйлоо жөнүндө маселени кароо учун документтердин тизмеги төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыныи, юридикалык жактардын сыйлоо жөнүндө өтүнмөсү;
- сыйлануучуга мүнөздөмө кат, эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө маалым кат, буга чейин алган сыйлыктары жөнүндө маалымат, иштери жана жетишкендиктери жөнүндө маалыматтар;
- паспортунун жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү (иштеген жериндеги кадрлар бөлүмүндө же нотариуста күбөлөндүрүлгөн).
6. Юбилейлик медаль менен сыйлоо жөнүндө маселени кароо учуп ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына келип түшкөн документтер Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 45 Жарлыгыпа ылайык түзүлгөн Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары - уюштуруу комитети) жыйынында каралат.
7. Уюштуруу комитетинин чечими уюштуруу комитетинин жыйынында катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыккан учурда уюштуруу комитетинин төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет. Уюштуруу комитстинин чечими тийиштүү протокол менен таризделет.
8. Уюштуруу комитети болжолдуу сыйлоо күнүнө чейин (эскерүү күнүнө ылайык келген) бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына юбилейлик медаль менен сыйлоо жөнүндө уюштуруу комитетинин протоколун жиберет.
9. Уюштуруу комитетинин протоколу келип түшкөндөн кийин тийиштүү иш чөйрөсүн тескөөчу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тийиштүү чечиминин долбоорун даярдайт жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизет.
10. Юбилейлик медаль менен сыйлоо жонундо чечим уюштуруу комитетинин протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен кабыл алынат.
11. Юбилейлик медалдар аткаруу бийлик органдарынын, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери тарабынан тапшырылат.
12. Юбилейлик медаль менен сыйланган жактарга белгиленген формадагы күбөлүктөр берилет.
13. Юбилейлик медаль төштүн сол тарабына тагылат жана мамлекеттик сыйлыктары болгон учурда, мамлекеттик сыйлыктардан кийин жайгаштырылат. Юбилейлик медаль катар номерге ээ.
14. Юбилейлик медаль сыйлануучунун жеке өзүнө тапшырылат. Көзү өткөндөн кийин сыйланган учурда, юбилейлик медаль жана ага тиешелүү докумепттер жакын туугандарына тагынуу укугусуз сактоого берилет.
15. Жоголгон юбилейлик медалдын жана документгердии ордуна дубликатгар берилбейт.
16. Аты-жөнүнүн жазылышында каталар табылган учурда сыйлануучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына алмаштыруу үчүн кайрылат.
17. Мыйзам чегинде белгиленген тартипте соттолгондугу алынып салынбаган же жоюлбаган жактарды юбилейлик медаль менен сыйлоого жол берилбейт.
2-тиркеме
"7-апрель - Апрель элдик революциясына 10 жыл" юбилейлик медалынын сурөттөлүшү "7-апрель - Апрель элдик революциясына 10 жыл" юбилейлик медалы алтын жалатылган латундан жасалат. Юбилейлик медаль эки бөлүктөн: 25х18 мм өлчөмүндөгү тик бурчтуу калыптан жана диаметри 32 мм болгон медалдын асма бөлүгүнөн турат, алар бири-бирине көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилет. Кочкул кызыл түстөгү эмаль менен капталган асманын алдыңкы бетинде диаметри 21 мм болгон тегерек жайгашкан. Асманын ортосунда рельефтүү "7" цифрасы түшүрүлүп, төмөнкү бөлүгүндө кайраттуулукту, эрдикти жана жеңишти символдогон рельефтүү гвоздика чагылдырылган. Асманын төмөнкү бөлүгүндө "Апрель" рельефтүү жазуусу, үстүңкү бөлүгүндө "Элдик революцияга 10 жыл" рельефтүү жазуусу бар. Кызыл түстөгү эмаль менен толтурулган калыпта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу, борбордук бөлүгүндө түндүк жана алтын түстөгү күндүн диски тартылган. Төш белгинин арткы бетинде катар номери чегилип, төөнөгүч түрүндөгү таккычы бар.
3-тиркеме
"7-апрель - Апрель элдик революциясына 10 жыл" юбилейлик медалынын КҮБӨЛҮГҮ Форма
Күбөлүк
(фамилиясы)
"7-апрель - Апрель элдик революциясына 10 жыл" юбилейлик медалынын сүрөтү
(аты)
(атасынын аты)
"7-апрель - Апрель элдик революциясына 10 жыл" юбилейлик медалы менен сыйланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
китепченин № __________________ юбилейлик медалдын № _________
2020-ж. "___" _______________ ПМБ № _______
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2019-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 45 "Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.04.2019 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон