# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 68-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы №1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 68-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы №1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 68-р
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218073>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17527/edition/1038206/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218073.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 68-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы №1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө) буйругу (05.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218073

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 5-марты № 68-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы №1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-февралындагы № 14-6 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуласы "концепциясын" деген сөздөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы № 1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын" деген сөздөр менен толукталсын;

- 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасында Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылын" деген сөздөр "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: " 2. Уюштуруу комитети:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 "2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө", 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө", 2020-жылдын 8-январындагы № 1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыктарын ишке ашырууну камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

- бир жумалык мөөнөттө Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын өткөрүү боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыксын;

3-пунктундагы "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын" деген сөздөр "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 3'-пункт менен толукталсын:

"З1 Уюштуруу комитета министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте өз ишине тартууга укуктуу.";

- 5-пунктундагы "курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө" деген сөздөр "санариптик трансформациялоо бөлүмүнө, социалдык өнүктурүү бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Тиркеме Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; социалдык блокту тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри; Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өнер жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коопсуздук жана коргоо секторунун башчысы; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары; Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); вш шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ысык-Кел облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн вш облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялык жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
