# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясын бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясын бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218068>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17522/edition/1038464/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218068.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясын бекитүү жөнүндө" буйругу (01.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218068

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2020-жылдын 28-февралы № 121 Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобого ылайык:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын курамы, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын президиумунун курамы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 7-июнундагы № 234 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 7-октябрындагы № 428 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 28-октябрындагы № 470 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 1-июнундагы № 366 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 25-декабрындагы № 899 буйругу.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын КУРАМЫ

Тыналиева Бакыт Карыбековна

\--

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы, медицина илимдеринин доктору, профессор;

Насбекова Саткынай Калыбековна

\--

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары, юридика илимдеринин доктору, доцент;

Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович

\--

Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор;

Абдылдаев Курманбек Кыянович

\--

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент;

Абдрахматов Канатбек Ермекович

\--

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор;

Абдырахманов Толобек Абылович

\--

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор;

Абидов Абдыкадыр Омарович

\--

Академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор;

Алтыбаева Айнуру Тойчиевна

\--

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, юридика илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча);

Ашимов Жамалбек Исабекович

\--

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун директору, медицина илимдеринин доктору;

Борубаев Алтай Асылканович

\--

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, физика-математика илимдеринин доктору, профессор;

Быковченко Юрий Григорьевич

\--

биология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Джаманбаев Мураталы Джузумалиевич

\--

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор;

Джумабеков Сабырбек Артисбекович

\--

Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор;

Джуматаев Мурат Садырбекович

\--

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор;

Жунушов Асанкадыр Темирбекович

\--

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, ветеринария илимдеринин доктору, профессор;

Зулпуев Абдивап Момунович

\--

Баткен мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор;

Иманалиев Токтобек Тыбынович

\--

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент;

Исаков Каныбек Абдуваситович

\--

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, филология илимдеринин доктору, профессор;

Кантороева Гулзат Кантороевна

\--

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин банктык иш кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор;

Карабаев Султан Осконович

\--

химия илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Керезбеков Канат Керезбекович

\--

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, юридика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Кудайбергенова Индира Орозбаевна

\--

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору, медицина илимдеринин доктору, профессор;

Мамакеев Канат Мамбетович

\--

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук хирургия борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор;

Мусаев Абдылда Инаятович

\--

Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор;

Нифадьев Владимир Иванович

\--

Кыргыз-Россия Славян университетинин жогорку кесиптик билим берүү мамлекеттик билим берүүчү мекемесинин ректору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор;

Нургазиев Рыспек Зарылдыкович

\--

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, ветеринария илимдеринин доктору, профессор;

Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич

\--

Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, доцент;

Сагымбаев Марат Акимович

\--

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти медицина илимдеринин доктору, профессор;

Садыков Канат Жалилович

\--

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент;

Сакиев Кадырбек Сатыбалдынович

\--

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.М.Адышев атындагы Геология институтунун директору, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор;

Самигуллина Альфия Эльдаровна

\--

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, медицина илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Саралаев Нур Керимкулович

\--

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А.А.Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун директору, философия илимдеринин доктору, профессор;

Сарыбаев Акпай Шогаибович

\--

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор;

Себахаттин Балжы

\--

"Манас" Кыргыз-Түрк университетинин ректору;

Султаналиев Бактыбек Сабырбекович

\--

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина таануу жана автоматика институтунун директору, техника илимдеринин доктору, доцент;

Токторов Эгемберди Самидинович

\--

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун ректору, юридика илимдеринин кандидаты, профессор;

Тулобаев Аскарбек Зарлыкович

\--

"Манас" Кыргыз-Түрк университетинин профессору, ветеринария илимдеринин доктору;

Турдубаев Таалайбек Жээнбекович

\--

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун директору, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор;

Усенов Кеңешбек Жумабекович

\--

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент;

Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич

\--

Эл аралык Кувейт университетинин Э.Ибраев атындагы журналистика жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Чотонов Мамашарип Мамытович

\--

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент;

Шалпыков Кайыркул Тункатарович

\--

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнология институтунун директору, биология илимдеринин доктору, профессор;

Эрдолатов Санжарбек Сайпидинович

\--

"Ала-Тоо" эл аралык университетинин ректору, педагогика илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча).

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын президиумунун КУРАМЫ

Тыналиева Бакыт Карыбековна

\--

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы, медицина илимдеринин доктору, профессор;

Насбекова Саткынай Калыбековна

\--

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары, юридика илимдеринин доктору, доцент;

Абдырахманов Толобек Абылович

\--

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор;

Абдрасулов Абдугани Халмурзаевич

\--

Ош мамлекеттик университетинин табигый-географиялык факультетинин зоология жана экология кафедрасынын профессору, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор;

Бебезов Бахадыр Хакимович

\--

Кыргыз-Россия Славян университетинин жогорку кесиптик билим берүү мамлекеттик билим берүүчү мекемесинин госпиталдык хирургия кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор;

Дженчураева Розалия Джаманкуловна

\--

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор;

Джуматаев Мурат Садырбекович

\--

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор;

Ишекеев Назаркул Ишекеевич

\--

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, педагогика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Койчуев Турар Койчуевич

\--

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, экономика илимдеринин доктору, профессор;

Мукасов Ысманалы Мукасович

\--

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А.А.Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун улуттук жана чет өлкөлүк философия бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, философия илимдеринин доктору, профессор;

Орозбеков Мухтар Орозбекович

\--

Кыргыз-Россия Славян университетинин жогорку кесиптик билим берүү мамлекеттик билим берүүчү мекемесинин "Өзгөчө кырдаалдардагы коргонуу" кафедрасынын профессору, техника илимдеринин доктору, профессор;

Содомбеков Ишенбай

\--

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнология институтунун дары-дармек жана эфир май алынуучу өсүмдүктөр лабораториясынын башчысы, биология илимдеринин доктору, профессор;

Сулайманкулова Саадат Касымбаевна

\--

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фтотехнология институтунун нанотехнология лабораториясынын башчысы, химия илимдеринин доктору, профессор;

Сыдыкова Лейла Чынтургановна

\--

Кыргыз-Россия Славян университетинин жогорку кесиптик билим берүү мамлекеттик билим берүүчү мекемесинин илим боюнча проректору, юридика илимдеринин доктору, профессор;

Усубалиев Бейшенбай Шенкеевич

\--

Эл аралык Кувейт университетинин Э.Ибраев атындагы журналистика жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча).
