# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы №59-б "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы №59-б "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 59-р
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218065>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17519/edition/1038182/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218065.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы №59-б "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу жөнүндө" буйругу (28.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218065

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 28-февралы № 59-б Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын кызматкерлери үчүн 2020-жылдын 29-февралы, 30-майы жана 31-октябры Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен жумуш күндөрү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2020-жылдын 29-февралын, 30-майын жана 31-октябрын жумуш күндөрү деп жарыялоо сунушталсын.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
