# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-февралындагы №119 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-февралындагы №119 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218063>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17517/edition/1065642/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218063.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-февралындагы №119 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) буйругу (26.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218063

---

КР Премьер-министринин 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 430 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2020-жылдын 26-февралы № 119 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жободо:

- 7-пунктунун 4-пунктчасы "Өкмөттүн чечимдерин," деген сөздөрдөн кийин "түзүмдүк бөлүм тейлеген багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин," деген сөздөр менен толукталсын;

- 9-пунктунун 8-пунктчасы "Өкмөттүн жана Премьер-министрдин чечимдерин" деген сөздөрдөн кийин ", түзүмдүк бөлүм тейлеген багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин" деген сөздөр менен толукталсын;

- 10-тиркемесине:

4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын: "3) Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышына комплекстүү мониторинг жүргүзүү."; 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын: "12) Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине тиешелүү аналитикалык маалыматтарды жана сунуштарды киргизүү менен, Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Катчылыгынан келип түшүүчү тиешелүү сунуштамалардын жана сунуштардын каралышы тууралуу маалыматтарды чогултуу жана комплекстүү талдоо.".

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
