Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Премьер-министра Кыргызской Республики от 22 апреля 2021 года № 430 "Об Утверждении Положение о структурных подразделениях Аппарата Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-02-26.
КР Премьер-министринин 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 430 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2020-жылдын 26-февралы № 119 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жободо:
- 7-пунктунун 4-пунктчасы "Өкмөттүн чечимдерин," деген сөздөрдөн кийин "түзүмдүк бөлүм тейлеген багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин," деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пунктунун 8-пунктчасы "Өкмөттүн жана Премьер-министрдин чечимдерин" деген сөздөрдөн кийин ", түзүмдүк бөлүм тейлеген багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-тиркемесине:
4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын: "3) Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышына комплекстүү мониторинг жүргүзүү."; 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын: "12) Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине тиешелүү аналитикалык маалыматтарды жана сунуштарды киргизүү менен, Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Катчылыгынан келип түшүүчү тиешелүү сунуштамалардын жана сунуштардын каралышы тууралуу маалыматтарды чогултуу жана комплекстүү талдоо.".
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021 жылдын 22 апрелиндеги № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругуРаспоряжение · 22.04.2021 · № 430 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2010 · № 338 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө) буйрукуРаспоряжение · 26.12.2017 · № 922 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021 жылдын 22 апрелиндеги № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругуРаспоряжение · 22.04.2021 · № 430 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.