# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 51-б "Нарын шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик карыздык каражаттардын кайтарылышын камсыздоо максатында, 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүүү банкынын ортосундагы «Нарын шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 51-б "Нарын шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик карыздык каражаттардын кайтарылышын камсыздоо максатында, 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүүү банкынын ортосундагы «Нарын шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 51-б
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218053>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17507/edition/1038140/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218053.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 51-б "Нарын шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик карыздык каражаттардын кайтарылышын камсыздоо максатында, 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүүү банкынын ортосундагы «Нарын шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» жөнүндө" буйругу (20.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218053

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 20-февралы № 51-б Нарын шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик карыздык каражаттардын кайтарылышын камсыздоо максатында, 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүүү банкынын ортосундагы «Нарын шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча Кредиттик макулдашуунун алкагында, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Нарын шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн 2016-жылдын 23-декабрындагы № 19-05/71 субкредиттик макулдашуулардын шарттары төмөнкүлөрдү карап чыгуу менен өзгөртүлсүн:

1) кредитти пайдаланууга пайыздык ставка — Еврибор + кредиттин иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммасына жылына 1,0 %;

2) кредитти төлөөнүн биринчи күнү 2025-жылдын 14-майы, кредитти жабуунун акыркы күнү 2037-жылдын 14-майы;

3) жылына 0,5 % өлчөмдөгү кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн комиссиялык төлөөнүн башталыш күнү - 2023-жылдын 14-майы.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-январындагы № 497-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1 -пунктунда: үчүнчү абзацындагы «1,5» цифрасы «1,0» цифрасына алмаштырылсын;

- бешинчи абзацындагы «2018» жана «2030» цифралары тиешелүү түрде «2023» жана «2037» цифраларына алмаштырылсын;

- жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5 % өлчөмдөгү комиссия Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 60 күн өткөндөн кийин эсептелет, мында төлөө 2023-жылдын 14-майынан башталат».

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте ушул буйруктан келип чыккан чараларды көрсүн.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
