Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Нарын шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик карыздык каражаттардын кайтарылышын камсыздоо максатында, 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүүү банкынын ортосундагы «Нарын шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 20-февралы № 51-б Нарын шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик карыздык каражаттардын кайтарылышын камсыздоо максатында, 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүүү банкынын ортосундагы «Нарын шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча Кредиттик макулдашуунун алкагында, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Нарын шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн 2016-жылдын 23-декабрындагы № 19-05/71 субкредиттик макулдашуулардын шарттары төмөнкүлөрдү карап чыгуу менен өзгөртүлсүн:
1) кредитти пайдаланууга пайыздык ставка — Еврибор + кредиттин иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммасына жылына 1,0 %;
2) кредитти төлөөнүн биринчи күнү 2025-жылдын 14-майы, кредитти жабуунун акыркы күнү 2037-жылдын 14-майы;
3) жылына 0,5 % өлчөмдөгү кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн комиссиялык төлөөнүн башталыш күнү - 2023-жылдын 14-майы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-январындагы № 497-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1 -пунктунда: үчүнчү абзацындагы «1,5» цифрасы «1,0» цифрасына алмаштырылсын;
- бешинчи абзацындагы «2018» жана «2030» цифралары тиешелүү түрде «2023» жана «2037» цифраларына алмаштырылсын;
- жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5 % өлчөмдөгү комиссия Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 60 күн өткөндөн кийин эсептелет, мында төлөө 2023-жылдын 14-майынан башталат».
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте ушул буйруктан келип чыккан чараларды көрсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2020-жылдын 17-июнундагы N 3895-VI "Суу менен жаб- дуу жана канализация тутумун реабилитациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кара-Балта…Постановление · 17.06.2020 · № 3895-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы № 3873-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2020 · № 3873-VI
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2025-жылдын 25-декабрындагы № 1143-т (Нарын шаарынын мэриясынын бюджеттик кредиттер боюнча карызын жөнгө салуу туу- ралуу) ТЕСКЕМЕСИРаспоряжение · 25.12.2025 · № 1143-т
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон