# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 40-б "Балдардын билим алуу укуктарын камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө" буйруку

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 40-б "Балдардын билим алуу укуктарын камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө" буйруку
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 40-р
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218044>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17498/edition/1038092/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218044.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 40-б "Балдардын билим алуу укуктарын камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө" буйруку (10.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218044

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 10-февралы № 40-б Балдардын билим алуу укуктарын камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин "Бишкек аскердик көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасы белгиленген тартипте:

- башкы план боюнча төмөнкү имараттарды: Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин "Бишкек аскердик көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасынын Чүй облусу, Аламүдүн району, Маевка айылы, айланма жолдун 240 км дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 427 кв.м болгон № 8 "Административдик чарбалык имаратын"; жалпы аянты 345 кв.м болгон № 10 "Административдик чарбалык имаратын"; аянты 35 кв.м болгон № 11 "Тышкы дааратканасын"; 0,25 га жанаша аймагы менен Бишкек шаарынын мэриясына № 86 жалпы билим берүүчү мектеп катары пайдалануу үчүн 15 (он беш) жылга убактылуу бекер пайдаланууга өткөрүп берсин;

- Бишкек шаарынын мэриясы менен объектти ээликтен ажыратуу жана үчүнчү жакка өткөрүп берүү укугусуз убактылуу бекер пайдалануу келишимин (мындан ары - келишим) түзсүн, анда төмөнкүдөй негизги шарттар каралсын:

объектти максаттуу багытталышы боюнча гана пайдалануу жана аны талаптагыдай абалда кармоо; объектти пайдалануу убагында мүлктү пайдалануу менен байланышкан коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү төлөмдөрдү жана жыйымдарды төлөө; баланс кармоочунун макулдугу менен имараттын абалын жакшыртуу, реконструкциялоо, капиталдык, учурдагы оңдоо жана жанаша аймактарын көрктөндүрүү боюнча иштерди өз алдынча жүргүзүү.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- тараптардын биринин демилгеси же тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда, Бишкек шаарынын мэриясына, анын подрядчыларына жана башка жактарга курулушка кеткен чыгымдар, ошондой эле бөлүнүүчү жана бөлүнгүс жакшыртуулардын наркы мамлекет тарабынан кайтарылып берилбей тургандыгы;

- өлкөнүн аскердик коопсуздугун жана коргонуу жөндөмүн камсыздоо зарылдыгы учурунда тийиштүү билдирүүнү алган күндөн тартып өткөрүп берилген объекттер Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан эки жумалык мөөнөттө бошотулууга тийиштиги.

3. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) ушул буйруктан келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
