# КР Премьер-министринин 2020-жылдын 7-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2020-жылдын 7-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218041>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17495/edition/1038452/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218041.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2020-жылдын 7-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу (07.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218041

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2020-жылдын 7-февралы № 52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-апрелиндеги № 266 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүдө:

## 3-главасында:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Асрандиев Э.Ш. (Финансы-экономикалык блок, инвестициялар, Евразия экономикалык бирлиги)";

- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

"Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер, Евразия экономикалык комиссиясы, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттер, Экономикалык кызматташтык уюму, ошондой эле башка өлкөлөр менен кызматташууну камсыз кылат.";

## 5-главасында:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Разаков Ж.П. (Укук коргоо блогу, чек ара маселеси)";

- бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмегинде:

## 3-главасында:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Асрандиев Э.Ш. (Финансы-экономикалык блок, инвестициялар, Евразия экономикалык бирлиги)";

- төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Евразия экономикалык бирлигинин маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.";

## 5-главасында:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Разаков Ж.П. (Укук коргоо блогу жана чек ара маселеси)";

- экинчи жана он үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
