# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы №109-б "Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 коронавирустук инфекциясын дүйнөдө пандемия деп жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияны жаңы жуктургандар табылышына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилишине байланыштуу, аскер кызматчыларын азык-тулук менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратпоо максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" буйруку

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы №109-б "Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 коронавирустук инфекциясын дүйнөдө пандемия деп жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияны жаңы жуктургандар табылышына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилишине байланыштуу, аскер кызматчыларын азык-тулук менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратпоо максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" буйруку
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 109-р
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218037>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17491/edition/1038052/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218037.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы №109-б "Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 коронавирустук инфекциясын дүйнөдө пандемия деп жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияны жаңы жуктургандар табылышына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилишине байланыштуу, аскер кызматчыларын азык-тулук менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратпоо максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" буйруку (27.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218037

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 27-марты № 109-б Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 коронавирустук инфекциясын дүйнөдө пандемия деп жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекцияны жаңы жуктургандар табылышына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилишине байланыштуу, аскер кызматчыларын азык-тулук менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратпоо максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49 жана 18-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду белгиленген тартипте:

- мурда брондон чыгарылган азык-түлүк буудайдан жасалган 1 кг үчүн баасы 24 сом болгон I сорттогу 50 тонна унду, 1 кг үчүн баасы 16 сом болгон II сорттогу 50 тонна унду Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүп берсин;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитета менен I жана II сорттогу унду сатып алуу-сатуу жөнүндө келишим түзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитета белгиленген тартипте товарды кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна кабыл алынган I жана II сорттогу унга ушул жылы республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин каржылоосуна жараша акча каражатын төлөсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
