Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын З-февралындагы № 25-б «Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун ташып киргизилишин алдын алуу жана жайылышына бегет коюу боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү жөнүндө» буйруку
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын З-февралы № 25-б Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун ташып киргизилишин алдын алуу жана жайылышына бегет коюу боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун ташып киргизилишин алдын алуу жана жайылышына бегет коюу максатында эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 30 000 000 (отуз миллион) сом бөлүп берсин;
- аталган каражаттарды "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджета жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорунда караштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул буйруктун 1 -пунктунда аталган каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктурүу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 23.12.2019 · № 143
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон