# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 20-б («Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорду ишке ашыруу жөнүндө) буйруку

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 20-б («Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорду ишке ашыруу жөнүндө) буйруку
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 20-р
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218028>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17482/edition/1038018/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218028.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 20-б («Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорду ишке ашыруу жөнүндө) буйруку (30.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218028

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 30-январы № 20-б «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджета жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын «Мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр -санариптик экономика» бөлүмүндө каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-6 буйругу менен бекитилген «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «жол картасынын» алкагында салыктык башкаруу системасын санариптештирүү боюнча иш-чараларды каржылоого Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына 51 961 800 (элүү бир миллион тогуз жүз алтымыш бир мин. сегиз жүз) сом бөлүп берсин;

- «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджета жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү караштырсын;

- каралган иш-чараларды өз убагында каржылоону камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы бөлүнүүчү финансы каражаттарын максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланууну белгиленген тартипте камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
