Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун жана «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2020-жылдын 30-январы № 22-б 2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун жана "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун өз убагында жана сапаттуу даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 81-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
1) 2020-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген 2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин;
2) 2020-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө 2021-2023-жылдардагы мезгилге салык жана бажы саясатынын багыттары жөнүндө техникалык катты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети 2020-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө 2021-2023-жылдарга жер казынасын пайдалануу укугу үчүн салык (бонус) боюнча, жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдар жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармап туруу үчүн жыйымдар боюнча түшүүлөрдүн болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө 2021-2023-жылдарга салыктардын жана салыктык эмес кирешелердин бюджетке түшүүлөрүнүн негизделген болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонд 2020-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө 2021-2023-жылдарга акциялардын мамлекеттик пакетине эсептелген дивиденддердин түшүүлөрүнөн, чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча мамлекеттик ишканалардын пайдасынан, мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн кирешелердин болжолун, ошондой эле мамлекеттин менчигинде турган жайларды, имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү үчүн акы төлөөдөн түшүүлөрдүн болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2020-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө консолидацияланган бюджетти түзүү үчүн 2019-жылга кирешелер жана чыгымдар боюнча бюджеттин аткарылышын, 2020-жылга бекитилген маалыматтарды жана 2021-2023-жылдарга финансылык ресурстардын жана чыгымдардын болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
6. Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн 2021-2023-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбооруна бюджеттик чыгымдардын секторалдык стратегияларын (мындан ары - БЧСС) берүүчү министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор:
1) 2020-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө коргоо жана укуктук тартипти коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан тышкары, коомдук угууларды өткөрүү убактысы жана жери жөнүндө билдирүү менен ведомстволук расмий веб-сайтка БЧСС долбоорун жарыялашсын;
2) 2020-жылдын 25-апрелине чейинки мөөнөттө коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан тышкары, кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен секторалдык стратегияларды коомдук талкуулоо өткөрүшсүн;
3) 2020-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 токтому менен бекитилген Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускамага ылайык тийиштүү багыттар боюнча 2021-2023-жылдарга БЧСС долбоору боюнча документтердин пакетин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин.
7. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү беришсин:
1) 2020-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө - ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөрдү эсепке алуу менен пландалган чыгымдарды, тийиштүү эсептөөлөр жана негиздеме менен 2021-2023-жылдарга атайын эсептерде топтоштурулган каражаттар боюнча болжолду;
2) 2020-жылдын 25-июлуна чейинки мөөнөттө 2021-2023-жылдарга бюджеттик каражаттар боюнча берилген контролдук цифраларга ылайык:
- 2021-2023-жылдарга бюджеттик мекемелердин тармактары, штаттары жана контингенттери боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 токтому менен бекитилген Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускамага ылайык 2021-2023-жылдарга программалык негиздеги бюджеттердин долбоорлорун;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген сунуштамаларга жана сметалардын формаларына ылайык, программалык негиздеги зарыл болгон эсептөөлөр жана негиздеме менен мамлекеттик тармактык өнүктүрүү программаларына негизделген 2021-2023-жылдарга бюджеттик каражаттардын чыгымдарынын жыйынды сметаларынын жана атайын эсептерде топтоштурулган каражаттар боюнча кирешелер менен чыгымдардын сметаларынын долбоорлорун.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 2020-жылдын 10-апрелине чейинки мөөнөттө 2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетине которулууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынан түшүүчү суммалардын болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүү сунушталсын.
9. 2021-2023-жылдарга бюджеттик чыгымдардын секторалдык стратегияларын берүүчү мамлекеттик органдардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) 2020-жылдын 27-апрелине чейинки мөөнөттө министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана административдик ведомстволорго ресурстар боюнча болжолго ылайык 2021-2023-жылдарга бюджеттик каражаттар боюнча контролдук цифралардын долбоорлорун жеткирсин;
2) 2020-жылдын 10-майына чейинки мөөнөттө министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен контролдук цифралар боюнча кайчы пикирлерди жоюу боюнча жумушчу кеңешмелерди өткөрсүн;
3) 2020-жылдын 20-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинде кароо үчүн 2021-2023-жылдарга министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор үчүн чыгымдар боюнча жалпы контролдук цифраларды камтыган 2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун иштеп чыксын;
4) 2020-жылдын 5-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору жана аткаруу бийлигинин башка органдары менен контролдук цифралар боюнча кайчы пикирлерди кароонун жыйынтыгы боюнча 2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун даярдасын жана берсин;
5) 2020-жылдын 5-сентябрына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрсүн;
6) 2020-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
11. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Абылгазиев
Тиркеме
2021-2023-жылдарга бюджеттик чыгымдардын секторалдык стратегияларын берүүчү Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ТИЗМЕСИ
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
8. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
9. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
10. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
11. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети
12. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
13. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
19. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 31.12.2020 · № 15
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 "Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2017 · № 854 · Күчүн жоготкон