# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы №88-б "Калктын ден соолугун коргоону камсыздоо, Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) кирүүсүн алдын алуу жана андан ары жайылышына жол бербөө боюнча чараларды көрүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы №88-б "Калктын ден соолугун коргоону камсыздоо, Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) кирүүсүн алдын алуу жана андан ары жайылышына жол бербөө боюнча чараларды көрүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 88-р
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218020>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17475/edition/1037984/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218020.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы №88-б "Калктын ден соолугун коргоону камсыздоо, Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) кирүүсүн алдын алуу жана андан ары жайылышына жол бербөө боюнча чараларды көрүү жөнүндө" буйругу (19.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218020

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-августундагы № 267-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 19-март №88-б Калктын ден соолугун коргоону камсыздоо, Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (COVID-19) кирүүсүн алдын алуу жана андан ары жайылышына жол бербөө боюнча чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 16-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" жана "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. 2020-жылдын 20-мартынан, 00 саат 00 мүнөттөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругу расмий түрдө жокко чыгарылганга чейин Кыргыз Республикасына/нан бардык эл аралык регулярдуу авиарейстерге, аба транспорту менен жүк ташуулардан жана Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана андан ары жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын чечими боюнча чартердик авиарейстерден, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча төмөнкү авиарейстерден тышкары чектөө киргизилсин:

- Москва-Бишкек-Москва ("Аэрофлот" коомдук акционердик коому) — жумасына 1 жолу;

- Ош-Москва-Ош ("Авиа Траффик Компани" жоопкерчилиги чектелген коому) - жумасына 1 жолу;

- Новосибирск-Бишкек-Новосибирск («Авиакомпания «Сибирь» ачык акционердик коому) - жумасына 1 жолу.

2. Кыргыз Республикасына жогоруда көрсөтүлгөн убакыттан мурда учуп чыккан бардык авиарейстерге, авиарейсти аткарууга уруксат берилет.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругун ишке ашырууга байланыштуу кызыкчылыктары козголушу мүмкүн болгон тийштүү авиакомпанияларды ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык көрүлгөн чаралар тууралуу кабарлансын.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
