# КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралы № 27-б (2020-жылдын 3-февралы № 27-б "Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун (2019-nCov) кирүүсүнүн жана андан ары жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралы № 27-б (2020-жылдын 3-февралы № 27-б "Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун (2019-nCov) кирүүсүнүн жана андан ары жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 27-р
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218006>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-17461/edition/1122224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218006.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралы № 27-б (2020-жылдын 3-февралы № 27-б "Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун (2019-nCov) кирүүсүнүн жана андан ары жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү жөнүндө) буйругу (20.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218006

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-январындагы № 18-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 3-февралы № 27-б Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун (2019-nCov) кирүүсүнүн жана андан ары жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында, 1996-жылдын 6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек арада өткөрүү пункттарын ачуу жана алардын режимдери жөнүндө макулдашуунун 5-беренесине, 1998-жылдын 19-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик каттамдар жөнүндө макулдашуунун 13-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык:

1. 2020-жылдын 3-февралынан тартып мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай участогунун "Эркеч-Там-автожол" жана "Торугарт-автожол" өткөрүү пункттарында өзгөчө буйрукка чейин төмөнкүлөрдөн тышкаркы адамдарды өткөрүү убактылуу чектелсин:

- Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринен;

- Кыргыз Республикасынын аймагына кайтуучу Кыргыз Республикасынын жарандарынан;

- товарларды (жүктөрдү) жүк ташуучу транспорт каражаттары менен ташып келүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарынан;

- Кытай Эл Республикасына кайтуучу Кытай Эл Республикасынын жарандарынан.

2. 2020-жылдын 3-февралынан тартып "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан Кытай Эл Республикасынын аймагынан/аймагына аба транспорту аркылуу үзгүлтүксүз каттаган рейстер өзгөчө буйрукка чейин төмөнкүлөрдү ташуучу рейстерден тышкары убактылуу токтотулсун:

- Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин;

- Кыргыз Республикасынын аймагына кайтуучу Кыргыз Республикасынын жарандарын;

- Кытай Эл Республикасына кайтуучу Кытай Эл Республикасынын жарандарын;

- товарларды (жүктөрдү).

3. Кытай Эл Республикасына транзиттик, чартердик жана гуманитардык рейстер Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин атайын уруксаты менен аткарыла тургандыгы белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ушул буйруктан келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кытай Эл Республикасына, ошондой эле ушул буйрукту ишке ашырууга байланыштуу кызыкчылыгы козголуучу башка мамлекеттерге форс-мажордук жагдайларга жана убактылуу мүнөзгө ээ болгон алдын ала караштырылган чаралар жөнүндө кабарласын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош жана Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:

- аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарына ушул буйруктун аткарылышына байланышкан иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө көмөк көрсөтүшсүн;

- калктын арасында тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.

7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

8. Ушул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
