# 8-статья. Айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин түрлөрү

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 8-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-8

---

Айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин жана стандарттарынын тутумуна:

- зыяндуу заттардын жол берилүүчү чектелген концентрацияларынын атмосфералык абадагы, суудагы, кыртыштагы жана жер казынасындагы ченемдери;

- зыяндуу заттарды абага чыгаруунун жана агызып чыгаруунун жол берилүүчү чектелген ченемдери;

- радиациялык таасирдин деңгээлинин жол берилүүчү чектелген ченемдери;

- айлана-чөйрөгө таасирдин деңгээлинин жол берилүүчү чектелген ченемдери;

- санитардык жана коргоо зоналарынын ченемдери;

- пайдаланылган жаратылыш ресурстарына карата стандарттар;

- ызы-чуунун, термелүүнүн, электр магниттик талаалардын жана башка зыяндуу жеке таасирлердин деңгээлинин жол берилүүчү чектелген ченемдери;

- айыл чарбасында химикаттарды колдонуунун жол берилүүчү чектелген ченемдери;

- тамак-аш азыктарындагы химиялык, уулуу, канцерогенндик заттардын жана биологиялык кошундулардын жол берилүүчү чектелген ченемдери кирет.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин башка түрлөрү белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-9)
