# 6-статья. Айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу боюнча чаралар

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.05.2018 [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788); 04.02.2002 [Закон КР от 4 февраля 2002 года N 22 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"](https://aqlex.ai/kg/doc/969)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/218#diff=1003914..1003915>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 6-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-6

---

Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү коргоо максатында төмөндөгүдөй чаралар:

- жаратылыш ресурстарын мамлекеттик эсепке алуу жана социалдыкэкономикалык баа берүү;

- айлана-чөйрөнүн сапатын ченемдештирүү (зыяндуу заттардын атмосфералык абадагы, суудагы, кыртыштагы, жер казынасындагы жана башка табигый объектилердеги);

- чарбалык жана экологиялык мамилелерди комплекстүү жөнгө салуу;

- жаратылышка таасир тийгизүүгө байланыштуу чарбалык же башка ишке карата экологиялык талаптарды белгилөө;

- жаратылыш ресурстарын пайдалануу, булгоочу заттарды абага чыгаруу, агызып чыгаруу, жеке же башка зыяндуу таасирлерди тийгизүү, таштандыларды айлана-чөйрөгө жайгаштыруу үчүн акы төлөөнүн ченемдерин белгилөө;

- жаратылышты пайдалануучу тарабынан калдыксыз жана калдык аз чыккан технологиялар ишке киргизилгенде аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

- экологиялык ишкердикти жайылтуу;

- иштин ушул түрү аркылуу айлана-чөйрөгө мүмкүн болуучу жагымсыз таасирлерди болтурбай коюу максатында чарбалык же башка ишти долбоорлоодо жана жүзөгө ашырууда экологиялык экспертизаны өткөрүү;

- атайын экологиялык укук колдонуу кызматтарынын ушул максаттар үчүн түзүлгөн коруктарды, атайын коруктарды, улуттук парктарды, жаңыбарлардын, өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү түрлөрүн жана башка объектилерди өзгөчө коргоо;

- (Абзац 11 Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын күнөөлүү тарабынан ордун толтуруу жана айланачөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;

- экологиялык укук бузууларды жана аларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө;

- айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы укук бузуучуларды жоопкерчиликке тартуу;

- токой массивдерин сактоо жана арбытып өндүрүү;

- табигый суулардын тазалыгын калыбына келтирүү;

- атмосферанын булганышын болтурбай коюу;

- шамалдын жана күндүн энергиясын, ошондой эле башка салттуу эмес ресурстарды сактап калуучу энергия булактарын пайдалануу;

- гидроэлектростанцияларды курууда экологиялык аспектилерди эсепке алуу (тоолордун өтө аярлуу экологиялык тутумдарына антропогендик таасир тийгизүү, жер астындагы суулардын деңгээлин көтөрүү, жер көчкүлөрдү жана жер титирөөлөрдү жана башкаларды чыгаруу) жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринде айлана-чөйрөнү коргоо боюнча башка чаралар да белгилениши мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22, 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-7)
