# 59-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: XII БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 59-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-59

---

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзам колдонууга киргизилген күндөн тартып:

- "Жаратылышты коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Закону (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, 8, 242-ст.);

- "Жаратылышты коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законун колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, 8, 243-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамга ылайык келтирилгенге чейин ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген ченемдик укуктук актылар гана колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Акаев

---

Мурунку берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-58)
