# 57-статья. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык мамилелер жана эл аралык кызматташтыктын принциптери

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: XI БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 57-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-57

---

Адамдардын азыркы жана келечектеги муундарынын жалпыга бирдей экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасы эл аралык жаратылышты коргоо кызматташтыгын жүзөгө ашырат жана төмөндөгү принциптерди жетекчиликке алат:

- ар бир адам жагымдуу экологиялык шарттарда жашоого укуктуу болот;

- мамлекет өзүнүн жарандарынын муктаждыктарын камсыз кылууну өнүктүрүү максаттарында айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууга укуктуу болот;

- бир мамлекеттин экологиялык бейпилдиги башка мамлекеттердин эсебинен же алардын таламын эске албастан камсыз кылынышы мүмкүн эмес;

- мамлекеттин иши айлана-чөйрөгө зыян келтирбөөгө тийиш;

- тышкы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн табигый-экологиялык аспектисине такай талдоо жүргүзүү, өз ара пайданын эң негиздүү принцибин сактоо;

- айлана-чөйрөнүн жана анын ресурстарынын абалына жана өзгөрүшүнө эл аралык деңгээлде таанылган критерийлердин жана чен-өлчөмдөрдүн негизинде өз ара контролдукту белгилөө;

- айлана-чөйрө проблемалары боюнча илимий-техникалык маалыматтарды эл аралык алмашуу; экологиялык маалымат банктарын түзүү, адистэкологдорду даярдоо;

- мамлекеттердин өзгөчө экологиялык жагдайлардагы өз ара жардамдашуусу;

- айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы талаштарды тынчтык жолу менен чечүү;

- эл аралык уюмдардын ишин Кыргыз Республикасынын улуттук таламдарына шайкеш келтирүү принциптерин жетекчиликке алат.

Эл аралык мамилелер:

- жаратылыш ресурстарын чет өлкөгө алып кетүүнүн экологиялык кесепеттерине жана экономикалык зыянга баа берүүнү;

- дүйнөлүк рынокко төмөнкү баалар менен сатуудан келип чыккан коммерциялык жоготууларды;

- жаратылыш ресурстарын иштетилбеген же начар иштетилген түрдө жөнөтүүдөн алынбай калган кирешелерди;

- жаратылыш ресурстарын казып алуунун натыйжасында келип чыккан экологиялык зыянга баа берүүнү;

- түзүлүп жаткан биргелешкен ишканаларда экологиялык жагынан таза жана аз калдыктуу технологияларды пайдалануунун талаптарын;

- коомдук жаратылышты коргоо уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты;

- тышкы экономикалык байланыштардын маалымдуулугун эске алуу менен түзүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-56)  
Кийинки берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-58)
