# 54-статья. Экологиялык укук бузуу тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: X БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/218#diff=1003914..1003915>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 54-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-54

---

Айлана-чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын ден соолугуна жана мүлкүнө жана мамлекетке айлана-чөйрөнү булгоо, бузуу, жаратылыш ресурстарын бузуу, жок кылуу, зыянга учуратуу, сарамжал эмес пайдалануу, табигый экологиялык тутумдарды бузуу жана башка экологиялык укук бузуулар аркылуу мамлекетке зыян келтирген юридикалык жана жеке, анын ичинде чет өлкөлүк жактар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык анын ордун толук көлөмдө толтурууга милдеттүү. Экологиялык укук бузуунун натыйжасында айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу ыктыярдуу түрдө, болбосо соттун чечими боюнча белгиленген тартипте бекитилген зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларына жана усулдарына ылайык, ал эми алар жок болгондо айлана-чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүүгө кетүүчү фактылай чыгымдар боюнча келтирилген зыяндарды анын ичинде алынбай калган пайданы эске алуу менен жүргүзүлөт. Соттун чечими боюнча өндүрүлүүчү зыяндын суммасы республикалык жана (же) жергиликтүү бюджетке чегерилет. Юридикалык жана жеке жактардын иши пайда кылган айлана-чөйрөгө жагымсыз таасирдин натыйжасында жарандардын ден соолугуна келтирилген зыян жабырлануучунун эмгекке жарактуулугун жоготуу даражасын, аны дарылоого, ден соолугун калыбына келтирүүгө, оорулуну багууга кеткен чыгымдарды, башка чыгашаларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалган пенсиялар менен жөлөкпулдарды эске алуу менен толук көлөмдө орду толтурулууга тийиш. Жарандардын ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жабырлануучунун, анын жакын туугандарынын, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кесиптик бирлик органдарынын же прокурордун чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Жарандардын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн акчалай каражаттардын суммасы зыян келтирген жактан же ал өкүлү болгон ишканадан, мекемеден, уюмдан өндүрүлөт, ал эми аларды аныктоо мүмкүн болбогондо - тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен өндүрүлөт. Юридикалык жана жеке жактардын ишинен келип чыккан айлана-чөйрөгө жагымсыз таасирдин натыйжасында жарандардын мүлкүнө келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоодо курулуштардын, турак-жай жана өндүрүштүк имарат-жайлардын, жабдуулардын. мүлктүн, жер участогунун, ушул участоктон алынуучу продукциянын бузулушуна жана наркынын төмөндөшүнө жана алынбай калган пайдага байланыштуу айкын зыян эске алынат. Зыян келтирүүчүлөр бир нече адам болгондо алар баары колдонуудагы мыйзамдарга ылайык бирдей жоопкерчилик тартат. Объектилерди менчиктештирүү процессинде 1992-жылга чейинки калдыктык булгоо же айлана-чөйрөгө келтирилген өткөндөгү зыян үчүн мамлекет жоопкерчилик тартат. Калган учурларда көрсөтүлгөн жоопкерчиликти белгиленген тартипте булгоочу-объектинин ээлери болгон юридикалык же жеке жактар тартат. (Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-53)  
Кийинки берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-55)
