# 50-статья. Айлана-чөйрө жөнүндө маалымат

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: IX БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 50-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-50

---

Ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык ар бир жаран же уюм мамлекеттик органдарда болгон айлана-чөйрө жөнүндө маалыматтарга укуктуу болот. Бул максаттарда мезгилдүү басма сөздө жыл сайын экологиялык бюллетендер жарыяланат. Айлана-чөйрө жөнүндө маалымат колунда болгон министрликтер, администрациялык ведомстволор жана башка органдар жарандардын жана уюмдардын каалоосу боюнча маалымат берүүгө милдеттүү. Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө маалымат мамлекеттик органдар тарабынан арыздануучунун кат жүзүндөгү сунуш-талабы боюнча техникалык (көчүрмөсүн алуу, дискеттер жана башкалар) жана аны даярдоого кеткен эмгектик коромжулуктардын наркынан ашпаган акы үчүн берилет. Арызды кароонун мөөнөтү 6 жума. Мамлекеттик органдар эгерде бул төмөндөгүлөргө зыян келтирсе:

- эл аралык мамилелерге;

- мамлекеттин аскердик таламдарына;

- ишканалардын коммерциялык сырын сактоого;

- жазык ишин тергөөгө зыян келтирсе айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө

маалымат берүүдөн баш тарта алат. Буюртманын четке кагылышында баш тартуунун себеби жана анын негиздемеси камтылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-49)  
Кийинки берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-51)
