# 5-статья. Өзгөчө корголуучу объектилер

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.06.2024 [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904); 13.03.2014 [Закон КР от 13 марта 2014 года № 42 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"](https://aqlex.ai/kg/doc/205264)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/218#diff=6734..11538>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 5-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-5

---

Өзгөчө экологиялык, жаратылышты коргоочу, илимий, тарыхый-маданий, эстетикалык, ден соолукту чыңдоочу мааниге ээ болгон табигый же жасалма түрдө түзүлгөн жаратылыш комплекстери жана жаратылыш объектилери, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана тукум курут болуу коркунучу алдында турган түрлөрү жана алар жашаган жерлер өзгөчө корголууга тийиш.

Кыргыз Республикасында жаратылыш комплекстерин жана объекттерин сактоо максатында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары: мамлекеттик жаратылыш коруктары, мамлекеттик биосфералык коруктар, биосфералык аймактар жана/же резерваттар, мамлекеттик жаратылыш парктары, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, ботаникалык бактар, мамлекеттик корукчалар (комплекстүү, зоологиялык, ботаникалык, токой, геологиялык жана сезондук), мамлекеттик жаратылыш эстеликтери, рекреациялык зоналар, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү, экологиялык коридорлор, геологиялык парктар (геопарктар), жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, микрокоруктар түзүлөт. Аймактарды тарыхый-маданий, эстетикалык, туристтик-рекреациялык жана дарылоо-ден соолукту чыңдоочу маанидеги объекттерге киргизүү, аларды түзүү тартиби жана укуктук статусу Кыргыз Республикасынын өзүнчө мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүүнүн тартиби жана укуктук статусу "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары тарабынан белгиленет. Сейрек кездешүүчү же тукум курут болуу коркунучу алдында турган өсүмдүктөр менен жаныбарларды өзгөчө коргоо максатында Кыргыз Республикасында Кызыл китеп түзүлөт. Кызыл китеп жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-мартындагы № 42, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-6)
