# 49-статья. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы илимий изилдөөлөр

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: IX БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 февраля 2002 года N 22 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"](https://aqlex.ai/kg/doc/969)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/218#diff=1003903..1003904>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 49-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-49

---

Айлана-чөйрөнү коргоонун жана жаратылышты пайдалануунун илимий негиздүүлүгүн камсыз кылуучу багыттары боюнча пайдубалдуу жана көрсөтмөлүү илимий-изилдөө иштери артыкчылыктуу болуп эсептелет. Айлана-чөйрөнү коргоону илимий жагынан камсыз кылуу максатында төмөндөгүлөргө багытталган:

- мамлекеттин жаратылышты коргоо саясатынын илимий негиздерин иштеп чыгууга, өнөр жай, транспорт, айыл чарба жана башка ишканаларынын, аларды пайдалануудагы курулуштардын жана объектилердин экологиялык коопсуздугун камсыз кылуучу прогрессивдүү аз калдыктуу жана калдыксыз технологиялык процесстерин иштеп чыгууга;

- экономикалык жагынан сарамжал, ресурстарды үнөмдөөчү жаратылышты пайдаланууну камсыз кылууга;

- айлана-чөйрөнүн абалынын мониторингинин, өндүрүштү башкаруунун, жабдууларды кыйроосуз жана коопсуз пайдалануунун каражаттарын жана тутумдарын түзүүгө;

- айлана-чөйрөгө жол берилген басым жасоону аныктоого жана айланачөйрөдө адамдын чарбалык ишинин таасири астында болуп жаткан процесстерди иликтөөгө;

- айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирлердин кесепеттерин болтурбай коюунун, төмөндөтүүнүн жана жоюунун ыкмаларын иштеп чыгууга;

- айлана-чөйрөнүн зарыл болгон сапаттарын калыбына келтирүүгө;

- жаратылышты коргоонун ченемдерин жана жаратылышты коргоонун ченемдик-техникалык документтерин иштеп чыгууга;

- айлана-чөйрөнүн калктын ден соолугунун көрсөткүчүнө тийгизген таасирин иликтөөгө жана зыяндуу экологиялык факторлордун адамдын организмине терс таасирин алдын алуунун натыйжалуу чараларын иштеп чыгууга багытталган изилдөөлөр жүргүзүлөт;

- биологиялык ар түрдүүлүктү үйрөнүүгө жана аны сактап калуу боюнча иш чараларга.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-48)  
Кийинки берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-50)
