# 48-статья. Экологиялык билим берүү жана тарбиялоо

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: IX БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 48-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-48

---

Зарыл билимдерди берүү, коомдун экологиялык маданиятын жана адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу максатында айлана-чөйрөнү коргоо жагында үй-бүлөдөн жана мектепке чейинки мекемелерден тартып үзгүлтүксүз билим берүү жана тарбиялоо камсыз кылынат. Айлана-чөйрөнү коргоонун, билим берүүнүн мамлекеттик органдары, башка мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар, массалык маалымат каражаттары экологиялык билимдерди жайылтат, айлана чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына карата аяр мамилени пропагандалоону жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-47)  
Кийинки берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-49)
