# 47-статья. Жаратылышты пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: VIII БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 47-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-47

---

Жаратылышты пайдалануучу:

- жаратылыш ресурстарын өзүнө берилген максаттарда пайдаланууга;

- жаратылыш ресурстарын негизги максатка жетүүнү камсыз кылуучу башка муктаждыктар үчүн белгиленген тартипте пайдаланууга;

- ресурстардын башка табигый касиеттерин айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен пайдаланууга;

- мыйзамдарда каралган учурларда жаратылыш ресурстарын кайталап пайдаланууга берүүгө;

- мыйзамдарда каралган учурларда айрым уюмдар жана жарандар үчүн ар кандай чектөөлөрдү киргизүүгө;

- укукка ылайык да, ошондой эле укукка жат да аракеттер менен келтирилген зыяндардын ордун толтурууну талап кылууга;

- бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү талап кылууга укуктуу.

Жаратылышты пайдалануучу:

- жаратылыш ресурстарын өзүнө берилген максаттарда сарамжал пайдаланууга;

- жаратылышты кайталап пайдалануучулардын мыйзамдарды сакташына контролдукту жүзөгө ашырууга;

- жаратылышты башка пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузбоого;

- айлана-чөйрөнү пайдалануу, коргоо, сактоо, калыбына келтирүү боюнча белгиленген талаптарды сактоого;

- өзүнө менчик укугунда, чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда таандык болгон курулуштарды, курулмаларды жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууга байланыштуу аймактарды айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген абалда күтүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жаратылышты пайдалануучулардын башка укуктары жана милдеттери белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-46)  
Кийинки берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-48)
