# 46-статья. Жарандардын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы укуктары жана милдеттери

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: VIII БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 46-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-46

---

Жарандар:

- айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал жана комплекстүү пайдалануу, анын ичинде мыйзам чыгаруу процесси боюнча чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышууга;

- белгиленген тартипте жаратылыш ресурстарын пайдаланууга;

- жаратылышты коргоонун коомдук бирикмелерин түзүүгө;

- айлана-чөйрөнүн жана калктын ден соолугунун абалы жөнүндө, курууга пландаштырылып жаткан өндүрүштүк объектилер тууралу толук жана так маалымат алууга;

- коомдук экологиялык экспертизаны өткөрүүгө катышууга;

- экологиялык билим алууга;

- табиятка, ден соолугуна жана мүлкүнө айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүнүн натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге, кызмат адамдарына жана жарандарга талаптарды жана доолорду коюуга укуктуу.

Жарандар:

- айлана-чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына этият мамиле кылууга;

- жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоого жана айлана-чөйрөнү коргоонун мамлекеттик органдарынын буйруктарын аткарууга;

- товарларды, башка продукцияларды даярдоодо алардын экологиялык коопсуздугун жана калктын ден соолугу үчүн зыянсыздыгын камсыз кылууга;

- айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

Жарандар (алардын бирикмелери) саясий, экономикалык жана социалдык терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон жалган (текшерилбеген) экологиялык маалыматты жайылтууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-45)  
Кийинки берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-47)
