# 38-статья. Өзгөчө экологиялык жагдай жана экологиялык кырсык зоналары

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: VII БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/218#diff=1003914..1003915>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 38-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-38

---

Кыргыз Республикасынын аймагынын чарбалык же башка иштин, табигый кырсыктын, болбосо кыйроолордун, алааматтардын кыйратуучу таасиринин натыйжасында айлана-чөйрөдө калктын ден соолугуна, табигый экологиялык тутумдардын абалына, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын генетикалык фонддоруна коркунуч келтирген туруктуу терс өзгөрүүлөр болуп жаткан участоктору өзгөчө (кризистик) экологиялык жагдай зоналары деп жарыяланышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын аймагынын айлана-чөйрөдө ордуна келбей турган терең өзгөрүүлөр болгон, калктын саламаттыгынын олутту начарлашына, табигый тең салмактуулуктун, табигый экологиялык тутумдардын бузулушуна, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын деградацияланыша алып келген терең өзгөрүүлөр болгон участоктору экологиялык кырсык (катастрофалык) зоналар деп жарыяланышы мүмкүн. Өзгөчө экологиялык жагдай же экологиялык кырсык зоналары деп жарыялоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын айрым аймактарындагы өзгөчө экологиялык жагдай зоналарында иштин жана жаратылышты пайдалануунун айрым түрлөрүнө тыюу салынышы же чектөө коюлушу мүмкүн. Экологиялык кырсык зоналарында айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизген иш токтотулат, калкты тейлөөгө байланыштуу болбогон чарбалык объектилердин иши токтотула турат, жаратылышты пайдаланууга чек коюлат. Өзгөчө экологиялык жагдай жана экологиялык кырсык зоналарында жаратылыш ресурстарын калыбына келтирүү жана арбытып өндүрүү, айланачөйрөнү жакшы абалга келтирүү, калкты социалдык жактан коргоо боюнча шашылыш чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Өзгөчө экологиялык кырдаал жана экологиялык кырсык зоналарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды каржылоо түздөн-түз күнөөлүүлөрдүн каражаттарынын эсебинен, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин максаттуу каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-39)
