# 36-статья. Экологиялык камсыздандыруу

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: VI БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 36-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-36

---

Кыргыз Республикасынын калкынын өмүрүн, ден соолугун жана мүлктүк таламдарын камсыздандыруу жагынан коргоону камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке жактарды, алардын менчик объектилерин жана кирешелерин экологиялык кырсыктардын, кыйроолордун жана алааматтардын учурунда ыктыярдуу жана милдеттүү экологиялык камсыздандыруу, ошондой эле айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу жүзөгө ашырылат. Чарбалык жана башка иштин экологиялык коркунучтуу түрлөрүн ишке ашырган юридикалык жактар жана жарандар милдеттүү экологиялык камсыздандыруудан өтүүгө тийиш. Экологиялык камсыздандырууга байланыштуу мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-37)
