36-статья. Экологиялык камсыздандыруу
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · VI БӨЛҮМ
Кыргыз Республикасынын калкынын өмүрүн, ден соолугун жана мүлктүк таламдарын камсыздандыруу жагынан коргоону камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке жактарды, алардын менчик объектилерин жана кирешелерин экологиялык кырсыктардын, кыйроолордун жана алааматтардын учурунда ыктыярдуу жана милдеттүү экологиялык камсыздандыруу, ошондой эле айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу жүзөгө ашырылат. Чарбалык жана башка иштин экологиялык коркунучтуу түрлөрүн ишке ашырган юридикалык жактар жана жарандар милдеттүү экологиялык камсыздандыруудан өтүүгө тийиш. Экологиялык камсыздандырууга байланыштуу мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат.
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/218/st-36" title="36-статья - Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>