# 31-статья. Айлана-чөйрөнүн абалына контролдукту жүзөгө ашыруучу субъектилер

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: V БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/218#diff=6734..11538>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 31-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-31

---

Айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүчү чарба жүргүзүүчү жана башка субъектилер тиешелүү аймактарда жана объектилерде айлана-чөйрөнүн абалына контролдукту жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын министриликтери менен администрациялык ведомстволору айлана-чөйрөнүн абалына өздөрүнө баш ийген объектилерде жаратылышты коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, арбытып өндүрүү, айлана-чөйрөнү жакшы абалга келтирүү жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча иш чаралардын аткарылышын текшерүү максатында жүзөгө ашырат. Айлана-чөйрөнү коргоонун абалына жана жаратылыш ресурстарынын пайдаланылышына мамлекеттик, ведомстволордун үстүнөн контролдук жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык жана аймактык мамлекеттик органдары жүзөгө ашырат. Айлана-чөйрөнү коргоонун жана жаратылыш ресурстарын пайдалануунун абалына мамлекеттик контролдукту жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын жаратылышты коргоого тиешелүү чечими бардык министрликтер, администрациялык ведомстволор, жарандар, чарба жүргүзүүчү башка субъектилер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жагында коомдук контролдукту жүргүзүүнүн тартиби коомдук бирикмелер жөнүндө мыйзамдар, ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген алар жөнүндө уставдар жана жоболор тарабынан жөнгө салынат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-32)
