31-статья. Айлана-чөйрөнүн абалына контролдукту жүзөгө ашыруучу субъектилер
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · V БӨЛҮМ
Айлана-чөйрөгө таасир тийгизүүчү чарба жүргүзүүчү жана башка субъектилер тиешелүү аймактарда жана объектилерде айлана-чөйрөнүн абалына контролдукту жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын министриликтери менен администрациялык ведомстволору айлана-чөйрөнүн абалына өздөрүнө баш ийген объектилерде жаратылышты коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, арбытып өндүрүү, айлана-чөйрөнү жакшы абалга келтирүү жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча иш чаралардын аткарылышын текшерүү максатында жүзөгө ашырат. Айлана-чөйрөнү коргоонун абалына жана жаратылыш ресурстарынын пайдаланылышына мамлекеттик, ведомстволордун үстүнөн контролдук жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык жана аймактык мамлекеттик органдары жүзөгө ашырат. Айлана-чөйрөнү коргоонун жана жаратылыш ресурстарын пайдалануунун абалына мамлекеттик контролдукту жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын жаратылышты коргоого тиешелүү чечими бардык министрликтер, администрациялык ведомстволор, жарандар, чарба жүргүзүүчү башка субъектилер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жагында коомдук контролдукту жүргүзүүнүн тартиби коомдук бирикмелер жөнүндө мыйзамдар, ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген алар жөнүндө уставдар жана жоболор тарабынан жөнгө салынат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"Редакцияларды салыштыруу
13.06.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…контролдукту жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо … келбеген алар жөнүндө уставдар жана жоболор тарабынан жөнгө салынат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 15 августа 2003 года № 520 "О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 4 апреля 2002 года № 194 "О порядке…Постановление · 15.08.2003 · № 520 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/218/st-31" title="31-статья - Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>