# 3-статья. Айлана-чөйрөнү коргоонун негизги принциптери

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 февраля 2002 года N 22 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"](https://aqlex.ai/kg/doc/969)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/218#diff=1003903..1003904>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 3-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-3

---

Ар-бир жаран жашоосу жана ден соолугу үчүн жагымдуу болгон айлана-чөйрөгө жана чарбалык же башка ишти жүзөгө ашыруунун натыйжасында айлана-чөйрөгө келтирилген жагымсыз таасирлер аркылуу ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуртуп алууга укуктуу. Төмөндөгүлөр:

- артыкчылык берүү принциби: адамдын жашоосу, эмгеги жана эс алуусу үчүн жагымдуу болгон айлана-чөйрөгө болгон укуктарын сактоонун айкын кепилдиктерин, адамдын жашоосун жана ден соолугун камсыз кылуучу айлана-чөйрөнү коргоого артыкчылык берүүнү камсыз кылуу;

- тең салмактуулук принциби: экологиялык тутумдардын туруктуулугун сактоо, чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин сактоо, жаратылыш ресурстарын арбытып өндүрүү, айлана-чөйрө жана адамдын ден соолугу үчүн орду толбой турган кесепеттерге жол бербөө;

- комплекстүүлүк принциби: коомдун экологиялык, экономикалык жана социалдык таламдарын шайкеш илимий негизделген түрдө ылайыкташтыруу, ресурстарды үнөмдөө жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүнүн комплекстүүлүгү;

- кармап туруу принциби: чарбалык иштин жана башка айлана-чөйрөгө таасирлердин тийгизген таасирин ченемдештирүү, экологиялык экспертизанын милдеттүүлүгү, негиздүүлүгү жана чектелиши.

- жоопкерчилик принциби: айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бекем сактоо, аны бузгандык үчүн жоопкерчиликтин шексиздиги, ишканалар, мекемелер, уюмдар, чарбалар жана жарандар тарабынан айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу;

- айкындуулук принциби: экологиялык кесепеттерге алып келген чарбалык жана башка иштин учурунда жаратылышты коргоо милдеттерин чечүүнүн маалымдуулугу, коомдук уюмдар жана калк менен тыгыз байланышта болуу, жаратылыш ресурстарын коргоого жана сарамжал пайдаланууга багытталган чараларга колдоо көрсөтүү жана түрткү берүү, айлана чөйрөнү коргоо жагында улуттук, региондук жана эл аралык таламдарды айкалыштыруу айлана-чөйрөнү коргоонун негизги принциптери болуп саналат.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-4)
