3-статья. Айлана-чөйрөнү коргоонун негизги принциптери
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · I БӨЛҮМ
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 февраля 2002 года N 22
Ар-бир жаран жашоосу жана ден соолугу үчүн жагымдуу болгон айлана-чөйрөгө жана чарбалык же башка ишти жүзөгө ашыруунун натыйжасында айлана-чөйрөгө келтирилген жагымсыз таасирлер аркылуу ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуртуп алууга укуктуу. Төмөндөгүлөр:
- артыкчылык берүү принциби: адамдын жашоосу, эмгеги жана эс алуусу үчүн жагымдуу болгон айлана-чөйрөгө болгон укуктарын сактоонун айкын кепилдиктерин, адамдын жашоосун жана ден соолугун камсыз кылуучу айлана-чөйрөнү коргоого артыкчылык берүүнү камсыз кылуу;
- тең салмактуулук принциби: экологиялык тутумдардын туруктуулугун сактоо, чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин сактоо, жаратылыш ресурстарын арбытып өндүрүү, айлана-чөйрө жана адамдын ден соолугу үчүн орду толбой турган кесепеттерге жол бербөө;
- комплекстүүлүк принциби: коомдун экологиялык, экономикалык жана социалдык таламдарын шайкеш илимий негизделген түрдө ылайыкташтыруу, ресурстарды үнөмдөө жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүнүн комплекстүүлүгү;
- кармап туруу принциби: чарбалык иштин жана башка айлана-чөйрөгө таасирлердин тийгизген таасирин ченемдештирүү, экологиялык экспертизанын милдеттүүлүгү, негиздүүлүгү жана чектелиши.
- жоопкерчилик принциби: айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бекем сактоо, аны бузгандык үчүн жоопкерчиликтин шексиздиги, ишканалар, мекемелер, уюмдар, чарбалар жана жарандар тарабынан айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу;
- айкындуулук принциби: экологиялык кесепеттерге алып келген чарбалык жана башка иштин учурунда жаратылышты коргоо милдеттерин чечүүнүн маалымдуулугу, коомдук уюмдар жана калк менен тыгыз байланышта болуу, жаратылыш ресурстарын коргоого жана сарамжал пайдаланууга багытталган чараларга колдоо көрсөтүү жана түрткү берүү, айлана чөйрөнү коргоо жагында улуттук, региондук жана эл аралык таламдарды айкалыштыруу айлана-чөйрөнү коргоонун негизги принциптери болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 4 февраля 2002 года N 22 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"Редакцияларды салыштыруу
04.02.2002 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…келтирилген зыяндын ордун толтуруу; - айкындуулук принциби: кошулду: экологиялык кесепеттерге алып келген чарбалык жана башка иштин учурунда жаратылышты коргоо милдеттерин … айлана-чөйрөнү коргоонун негизги принциптери болуп саналат. кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/218/st-3" title="3-статья - Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>