# 29-статья. Айлана-чөйрөнүн мониторинги

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: V БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/218#diff=6734..11538>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 29-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-29

---

Айлана-чөйрөнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы анын ресурстарынын абалына жана өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүү менен эсепке алууну, баа берүүнү, болжолдоону, контролдоону жана башкарууну камсыз кылуу максатында айлана-чөйрөнүн мамлекеттик мониторингинин тутуму түзүлөт. Айлана-чөйрөнүн мамлекеттик мониторингинин структурасы, мазмуну жана аны жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Айлана-чөйрөнүн абалына, анын ичинде булгануулардын чек ара аркылуу өтүшүнө, жаратылыш ресурстарынын пайдаланышына байкоо жүргүзүү республиканын бүткүл аймагында атайын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан шаарлардагы, өнөр жай борборлорундагы, жаратылыш объектилериндеги жана айрым аймактардагы байкоо тутумдары аркылуу, ошондой эле иши айлана-чөйрөнүн абалынын начарлашына алып келген же алып келиши мүмкүн болгон ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылат. Атайын ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле ишканалар, уюмдар жана мекемелер айлана-чөйрөнүн жана калктын ден соолугунун мониторингин жүзөгө ашырып жаткан тиешелүү мамлекеттик органдарга өз байкоолорунун материалдарын акысыз берип турууга милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-30)
