# 27-статья. Ишканаларды менчиктештирүүдө экологиялык маселелерди чечүү

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 27-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-27

---

Мамлекеттик ишканалар менчиктештирилгенде жаңы менчик ээлери менен мамлекеттин ортосунда ал тарабынан айлана-чөйрөгө, юридикалык жана жеке жактардын мүлкүнө жана жарандардын ден соолугуна ушул ишканалардын чарбалык ишин жүзөгө ашыруунун натыйжасында айлана-чөйрөгө жагымсыз таасир көрсөтүү менен келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти так чектөө жүзөгө ашырылат. Менчиктештирүүдө жана менчик укугун башкача өткөрүп берүүдө ишканаларда экологиялык абалга жана алардын айлана-чөйрөгө келтирген зыянына баа берүү максатында экологиялык аудит жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-28)
