# 26-статья. Экологиялык стандартташтыруу жана сертификациялоо

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/218#diff=6734..11538>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 26-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-26

---

Экологиялык коопсуздукка, калктын өмүрүнө жана ден соолугуна, жаратылыш ресурстарын арбытып өндүрүүгө жана сарамжал пайдаланууга коркунуч келтириши мүмкүн болгон Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн же анын аймагына алынып келинүүчү продукция (процесстер, кызмат көрсөтүүлөр) экологиялык стандартташтыруу жана сертификациялоо объектилерине таандык кылынат. Экологиялык стандартташтыруу жана сертификациялоо объектилеринин тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттары жана айланачөйрөнү коргоо жаатындагы техникалык шарттар мыйзамдарда белгиленген тартипте иштелип чыгат, бекитилет жана катталат. Продукцияларды (буюмдарды) катталган техникалык регламенттердин, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы стандарттар жана техникалык шарттарды бузуу менен иштеп чыгууга, даярдоого, жөнөтүүгө, (сатууга), сактоого, ташууга, пайдаланууга, (ишке киргизүүгө) жана оңдоого, процесстерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарууга тыюу салынат. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында стандарттар менен техникалык шарттарга ылайык келүүнү аныктоо максатында мыйзамдарда белгиленген тартипте экологиялык сертификациялоо жүзөгө ашырылат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-27)
