# 25-статья. Климатты жана атмосферанын озондук катмарын коргоо

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.06.2024 [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904); 12.01.2015 [Закон КР от 12 января 2015 года № 3 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"](https://aqlex.ai/kg/doc/205431); 11.03.2013 [Закон КР от 11 марта 2013 года № 36 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203843)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/218#diff=6734..11538>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 25-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-25

---

Айлана-чөйрөнү климаттын экологиялык коркунучтуу өзгөрүүлөрүнөн, атмосферанын озондук катмарын коргоо:

- чарбалык жана башка иштин жана башка процесстердин таасири астында климаттын, озондук катмардын абалынын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүүнү, эсепке алууну жана контролдоону уюштуруу;

- Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган, Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган булактардан антропогендик чыгуу жана бардык парник газдарын сиңирип алуучулардын абсорбциясы, ошондой эле озонду бузуучу заттардын керектелиши боюнча маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултууну жана эсепке алууну уюштуруу;

- климаттын жана озондук катмардын абалына таасир тийгизүүчү зыяндуу заттардын абага чыгарылышынын жол берилүүчү чектелген ченемдерин белгилөө жана сактоо;

- беш жылда бир жолудан кем эмес парник газдарынын чыгышын азайтуу жана климаттын өзгөрүүсүнө адекваттуу ыңгайлашуу боюнча улуттук, региондук жана тармактык программаларды иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу жана үзгүлтүксүз жаңылап туруу;

- өндүрүштө жана турмуш-тиричиликте озондук катмарды бузуучу заттарды жөнгө салуу;

- аталган талаптарды бузгандык үчүн, жоопкерчилик чараларын колдонуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарынын чечими менен зыяндуу ишти токтото туруу же ага тыюу салуу аркылуу камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларына ылайык министрликтер менен ведомостволор, ишканалар, мекемелер, уюмдар озондук катмарга зыяндуу таасир тийгизүүчү химиялык заттарды керектөөнү кыскартууга жана кийин толук токтотууга милдеттүү. Атмосферанын озон катмарынын абалына зыяндуу таасир тийгизген химиялык заттардын жана өндүрүштүк калдыктардын тизмеси Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы тарабынан бекитилет жана мамлекеттик бийлик жана башкаруунун бардык органдарына, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга кабарланат. Атмосферанын озон катмарын чарбачылык жана башка иштин терс таасиринен коргоо максатында озонду бузуучу заттардын тизмеги белгиленет, Кыргыз Республикасында алар менен иш жүргүзүү мамлекеттик жөнгө салууга жатат. Алар менен иш жүргүзүү мамлекеттик жөнгө салууга жаткан озонду бузуучу заттардын тизмеги, Кыргыз Республикасында озонду бузуучу заттарды керектөөнүн жол берилген көлөмү, озонду бузуучу заттар менен иш жүргүзүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар чарбачылык жана башка ишти жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын талаптарын сактоого милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 36, 2015-жылдын 12-январындагы № 3, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-26)
