# 23-статья. Айлана-чөйрөнү өндүрүштүк, турмуш-тиричиликтин жана башка калдыктардан коргоо

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 февраля 2002 года N 22 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"](https://aqlex.ai/kg/doc/969)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/218#diff=1003903..1003904>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 23-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-23

---

Өндүрүштүк жана башка калдыктарды белгиленген тартипте агызып чыгаруу атайын бөлүнгөн жерлерге гана уруксат берилет. Калдыктарды жана канализациялык агындыларды жалпы пайдалануудагы көлмөлөргө, жер астындагы суу жаткан катмарларга агызууга тыюу салынат. Юридикалык жана жеке жактар өндүрүштүк жана турмуш-тиричилик калдыктарын зыянсыздандыруу, кайра иштетүү, утилдештирүү, бир жерге топтоо же көмүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө, колдонуудагы экологиялык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы ченемдерди жана эрежелерди сактоого милдеттүү. Калдыктарды бир жерге чогултуу жана көмүү Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен аныкталган жерлерде жүргүзүлөт. Калдыктарды бир жерге топтоо жана көмүү мыйзамдарда каралган тартипте жүргүзүлөт. Өтө эле коркунучтуу, абдан уулуу жана радиоактивдүү калдыктарды көмүү же башкача жайгаштыруу, атайын жабдылган полигондордо Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын лицензиясы боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо боюнча республикалык мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт. Уулуу калдыктарды, анын ичинде атом өнөр жай өндүрүшүнүн калдыктарын шаарлардын жана башка калк жашаган пункттардын аймагында жана ага жакын жерлерге, токойлорго, токой, бак-дарак өскөн, курорттук, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, рекреациялык зоналарга жана калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөнүн абалына коркунуч түзүлүшү мүмкүн болгон башка жерлерге жайгаштырууга тыюу салынат. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-24)
