# 22-статья. Айлана-чөйрөнү зыяндуу жеке таасирлерден сактоо

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 февраля 2002 года N 22 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"](https://aqlex.ai/kg/doc/969)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/218#diff=1003903..1003904>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 22-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-22

---

Адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө өндүрүштүк жана башкадан пайда болгон ызы-чуунун, термелүүнүн, электр магниттик талаалардын жана башка зыяндуу жеке таасирлердин жол берилген чектелген ченемдерин жогорулатууга тыюу салынат. Юридикалык жана жеке жактар айлана-чөйрөгө өндүрүштүк жана башкадан пайда болгон ызы-чуунун, термелүүнүн, электр магниттик талаалардын жана башка зыяндуу жеке таасирлердин ченемдерин жогорулатууну болтурбай коюу жана четтетүү боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү. Жол берилүүчү чектелген ченемдерди сактоону гарантиялаган чаралар шаарларды жана калк жашаган пункттарды пландаштырууда жана курууда, ишканаларды, цехтерди, технологиялык линияларды курууну жана кайра конструкциялоону долбоорлоодо, жаңы техниканы түзүүдө жана өздөштүрүүдө, жер үстүндөгү, суу жана аба транспортунун каражаттарын, көңүл ачуу мекемелерин кайра конструкциялоодо жана долбоорлоодо иштелип чыгат. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-23)
