# 21-статья. Контролдонбой турган жана зыяндуу биологиялык таасирден айлана-чөйрөнү коргоо

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 февраля 2002 года N 22 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"](https://aqlex.ai/kg/doc/969)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/218#diff=1003903..1003904>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 21-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-21

---

Карантиндик сертификаты болмоюнча биологиялык объектилерди жана продуктыларды алып келүүгө, анын ичинде транзиттик жол менен ташууга тыюу салынат. Республика үчүн белгилүү болбогон биологиялык объектилерди интродукциялоо жана акклиматизациялаштырууга илим изилдөө, медициналык жана ветеринардык максаттарда гана, экологиялык экспертизадан өткөндөн кийин жол берилет. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк селекциядан чыккан өсүмдүктөрдүн жаңы сортторуна, жаныбарлардын тукумдарын, микроорганизмдердин штаммдарын өнөр жайлык өндүрүүгө экспертиза өткөрүлгөндөн, экологиялык коопсуздуктун чаралары иштелип чыккандан жана мамлекеттик сыноодон өткөндөн кийин гана уруксат берилет. Тийиштүү региондун жаратылышына таандык болбогон биологиялык объекттерди, ошондой эле жасалма жол менен, табигый жамаатташтыкта көбөйтүлбөстөн жана ага киргизилбестен туруп алынган генетикалык материалды колдонууга жана өстүрүүгө тыюу салынат Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн организмдерин өндүрүүдө, көбөйтүүдө, сактоодо, ташууда, сатууда, көмүүдө, жок кылууда генофонд үчүн, ошондой эле адамдын ден сооолугу үчүн терс таасирлердин мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган экологиялык коопсуздуктун чаралары милдеттүү түрдө сакталууга тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-22)
