21-статья. Контролдонбой турган жана зыяндуу биологиялык таасирден айлана-чөйрөнү коргоо
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · IV БӨЛҮМ
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 февраля 2002 года N 22
Карантиндик сертификаты болмоюнча биологиялык объектилерди жана продуктыларды алып келүүгө, анын ичинде транзиттик жол менен ташууга тыюу салынат. Республика үчүн белгилүү болбогон биологиялык объектилерди интродукциялоо жана акклиматизациялаштырууга илим изилдөө, медициналык жана ветеринардык максаттарда гана, экологиялык экспертизадан өткөндөн кийин жол берилет. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк селекциядан чыккан өсүмдүктөрдүн жаңы сортторуна, жаныбарлардын тукумдарын, микроорганизмдердин штаммдарын өнөр жайлык өндүрүүгө экспертиза өткөрүлгөндөн, экологиялык коопсуздуктун чаралары иштелип чыккандан жана мамлекеттик сыноодон өткөндөн кийин гана уруксат берилет. Тийиштүү региондун жаратылышына таандык болбогон биологиялык объекттерди, ошондой эле жасалма жол менен, табигый жамаатташтыкта көбөйтүлбөстөн жана ага киргизилбестен туруп алынган генетикалык материалды колдонууга жана өстүрүүгө тыюу салынат Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн организмдерин өндүрүүдө, көбөйтүүдө, сактоодо, ташууда, сатууда, көмүүдө, жок кылууда генофонд үчүн, ошондой эле адамдын ден сооолугу үчүн терс таасирлердин мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган экологиялык коопсуздуктун чаралары милдеттүү түрдө сакталууга тийиш. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 4 февраля 2002 года N 22 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"Редакцияларды салыштыруу
04.02.2002 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…селекциядан чыккан өсүмдүктөрдүн жаңы сортторуна, жаныбарлардын алынып салынды: тукумдарына кошулду: тукумдарын, микроорганизмдердин штаммдарын өнөр жайлык өндүрүүгө экспертиза алынып салынды: өткөрүлгөндөн кошулду: өткөрүлгөндөн, экологиялык коопсуздуктун чаралары иштелип чыккандан жана мамлекеттик сыноодон өткөндөн кийин гана уруксат берилет. кошулду: Тийиштүү региондун жаратылышына таандык болбогон биологиялык объекттерди, ошондой эле жасалма жол менен, табигый жамаатташтыкта көбөйтүлбөстөн жана ага киргизилбестен туруп алынган генетикалык материалды колдонууга жана өстүрүүгө тыюу салынат
Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн организмдерин өндүрүүдө, көбөйтүүдө, … экологиялык коопсуздуктун чаралары милдеттүү түрдө сакталууга тийиш.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/218/st-21" title="21-статья - Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>