# 20-статья. Радиоактивдүү материалдар жана химиялык заттар менен иш жүргүзүүдөгү экологиялык талаптар

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 января 2015 года № 3 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"](https://aqlex.ai/kg/doc/205431)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.01.2015 [Закон КР от 12 января 2015 года № 3 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"](https://aqlex.ai/kg/doc/205431); 04.02.2002 [Закон КР от 4 февраля 2002 года N 22 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"](https://aqlex.ai/kg/doc/969)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/218#diff=1003910..1003911>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 20-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-20

---

Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды жана химиялык заттарды өндүрүүдө, сактоодо, ташууда, сатууда, колдонууда, зыянсыздандырууда жана көмүүдө юридикалык жана жеке жактар экологиялык талаптарды, белгиленген ченемдерди, эрежелерди сактоого, зыяндуу кесепеттерди болтурбай коюуга жана жоюуга карата чараларды көрүүгө жана ушул ченемдер жогору болгон учурда радиациялык жана химиялык коопсуздук органдарына токтоосуз түрдө маалымдоого милдеттүү. Радиоактивдүү калдыктарды жана материалдарды башка мамлекеттерден сактоо же көмүү максатында алып келүүгө тыюу салынат. Өзүнүн керектөө касиеттерин жоготкон жана озонду бузуучу заттарды камтыган продукцияны бул заттарды рекуперациялоосуз андан ары кайра циркуляциялоо жана жок кылуу үчүн өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын жайгаштыруу объекттеринде көмүүгө тыюу салынат. Бөлүнбөй турган, адамдын организмине жана айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүчү уулуу химиялык препараттарды колдонууга тыюу салынат. Радиоактивдүү материалдарды жана уулуу химиялык заттарды пайдаланууга байланыштуу чарба жүргүзүүчү же башка субъектилердин иши лицензиялар (уруксаттар) болгон учурда жүзөгө ашырылат. Радиоактивдүү материалдарды жана уулуу химиялык заттарды пайдаланууга уруксат (лицензия) атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан берилет. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22, 2015-жылдын 12-январындагы № 3 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-21)
