# 19-статья. Калк жашаган пункттарды пландаштыруудагы жана куруудагы экологиялык талаптар

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 19-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-19

---

Шаарларды жана башка калк жашаган пункттарды пландаштырууда жана курууда коммуналдык, турмуш-тиричилик калдыктарын санитардык тазалоо, зыянсыздандыруу, утилдештирүү, кайра иштетүү, болбосо көмүү, калкты коркунучтуу геологиялык жана гидрогеологиялык процесстерден сактоо, тарыхый эстеликтерди, табигый эстеликтерди коргоо боюнча талаптар сакталууга тийиш. Шаарлардын жана башка калк жашаган пункттардын, экологиялык жагынан зыяндуу объектилердин айланасында жаратылышты пайдалануунун чектелген режими бар, чарбалык интенсивдүү пайдалануудан алынган токой, бак-дарак, жашыл, коргоо зоналары түзүлөт.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-20)
