# 18-статья. Чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашыруудагы экологиялык талаптар

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 18-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-18

---

Өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда чарба жүргүзүүчү жана башка субъектилер бекитилген технологиялык режимдерди сактоого, тазалоочу курулуштарга, жабдууларга жана калдыктарды контролдоочу, зыянсыздандыруучу жана утилдештирүүчү каражаттарга ээ болууга, алардын ишенимдүү жана натыйжалуу ишин камсыз кылууга, экологиялык жагынан коопсуз технологияларды жана өндүрүштөрдү жайылтууну жүргүзүүгө, жерлерди, жер казынасын, сууларды, атмосфералык абаны, токойлорду, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн коргоону жана сарамжал пайдаланууну, жаратылыш ресурстарын арбытып өндүрүүнү жүзөгө ашырууга милдеттүү. Мал чарба жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жагында товардык өндүрүштү жүзөгө ашыруучу субъектилердин зарыл болгон санитардык-коргоо зоналары жана тазалоочу курулуштары болууга тийиш. Мелиорациялык тутумдарды пайдаланууда жана мелиорациялык жумуштарды аткарууда суу балансын сактоо, сууларды пайдалануу, жерлерди, токойлорду кедери кетүүдөн, чөгүп кетүүдөн, суу басуудан коргоо жана айлана-чөйрө үчүн башка терс кесепеттерди болтурбай коюу боюнча чаралар сакталууга тийиш. Гидроэлектростанцияларды пайдалануу балык корлорун коргоо боюнча талаптарга так ылайыкталып, айлана-чөйрөгө терс таасирлерге жол бербөө менен жүзөгө ашырылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-19)
