# 17-статья. Ишканаларды, курулуштарды жана башка объектилерди жайгаштырууга, долбоорлоого, курууга, кайра конструкциялоого, пайдаланууга берүүгө карата экологиялык талаптар

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/218#diff=6734..11538>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 17-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-17

---

Айлана-чөйрөнүн абалына тикелей же кыйыр таасир тийгизүүчү объектилерди жана иштин түрлөрүн жайгаштырууда, курууда, кайра конструкциялоодо, техникалык жагынан кайра жабдууда, пайдаланууга берүүдө жаратылышты коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, арбытып өндүрүү, экологиялык ченемдерге ылайык айлана-чөйрөнү жакшы абалга келтирүү боюнча иш-чаралар каралууга жана аткарылууга жана пландаштырылып жаткан иштин айлана-чөйрөгө (АЧТББ) таасирине баа берүү жүзөгө ашырылууга тийиш. Чарбалык жана/же башка иштин объекттерин, анын ичинде жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды жайгаштыруу ордун аныктоо, ошондой эле долбоорлоо, куруу, пайдаланууга берүү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун негизинде жүргүзүлөт. Бекитилген долбоорду экологиялык коопсуздуктун таламдарына каршы өзгөртүүгө жол берилбейт. Зыяндуу калдыктарды абага чыгарууну, агызып чыгарууну жол берилүүчү чектелген деңгээлге чейин тазалоо, зыянсыздандыруу жана утилдештирүү боюнча курулуштар жана жабдуулар менен камсыз кылынбаган объектилерди пайдаланууга берүүгө тыюу салынат. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-18)
