# 16-статья. Экологиялык экспертиза

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 16-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-16

---

Экологиялык экспертиза белгиленип жаткан чарбалык жана башка иштин айлана-чөйрөгө тийгизе турган мүмкүн болуучу жагымсыз таасирин болтурбай коюу максатында жүргүзүлөт. Экологиялык экспертиза чарбалык чечим кабыл алынганга чейин милдеттүү түрдө өткөрүүнүн, негиздүүлүктүн, көз карандысыздыктын, объективдүүлүктүн, анын тыянактарынын мыйзамдуулугунун жана маалымдуулугунун принциптеринде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болбогон учурда жаратылышты пайдаланууга байланыштуу долбоорлорду каржылоого жана ишке ашырууга тыюу салынат. Экологиялык экспертизага байланыштуу мамилелер "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-17)
