# 15-статья. Жаратылышты пайдалануу үчүн жыйым төлөө

- Документ: [Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/218)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 16.06.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.06.2024 [Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008904); 23.03.2020 [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032); 26.05.2018 [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788); 16.01.2015 [Закон КР от 16 января 2015 года № 17 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"](https://aqlex.ai/kg/doc/205432); 11.08.2004 [Закон КР от 11 августа 2004 года № 113 " О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"](https://aqlex.ai/kg/doc/1512); 04.02.2002 [Закон КР от 4 февраля 2002 года N 22 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране окружающей среды"](https://aqlex.ai/kg/doc/969)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/218#diff=6734..11538>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-205/edition/1003903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/218/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө, 15-статья (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-15

---

(Аталышы Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Жаратылышты атайын пайдалануу жыйым төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат. Жаратылышты пайдалануу үчүн жыйым жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн акыдан, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жана башка жаратылышка терс таасирлерди тийгизгендиги үчүн акыдан турат. Жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн жыйым: жаратылыш ресурстарын белгиленген лимиттердин чектеринде пайдалануу үчүн; жаратылыш ресурстарын лимиттен ашык пайдалануу үчүн белгиленет жана мамлекеттик бюджетке белгиленген тартипке ылайык киргизилет жана айлана-чөйрөнү коргоо жана жакшы абалга келтирүү боюнча иш-чараларга пайдаланылат. Булгоочу заттарды абага чыгаруу, агызып чыгаруу, таштандыларды жайгаштыруу жана башка булгоонун түрлөрү жана жаратылышка терс таасир тийгизүү, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн жыйым алынат. Зыяндуу заттарды абага чыгаруу, агызып чыгаруу, таштандыларды жайгаштыруу үчүн жыйым юридикалык жана жеке жактар тарабынан республикалык бюджетке чегерилет. Жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы, айлана-чөйрөнү булгагандыгы жана жаратылышка тийгизген башка терс таасирлери үчүн жыйымдардын өлчөмдөрү, аларды өндүрүп алуунун жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Жаратылышты пайдалануу үчүн жыйым төлөө жаратылышты пайдалануучуну айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды аткаруудан, өзүнүн жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузушунун кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруудан, жасаган укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартуудан бошотпойт. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22, 2004-жылдын 11-августундагы № 113, 2015-жылдын 16-январындагы № 17, 2018-жылдын 26-майындагы № 55, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/218/st-16)
